Назад к списку

"Ар бир кыргыз татыктуу үйдө" бактылуу жашоого укуктуу!


 Кыргызстанда сапаттуу, тез аранын ичинде, арзан жана күчү 7 баллдык жер титирөөгө чыдай турган үйлөр курула баштады. Бул ишти ADECS курулуш компаниясы жетектеп, бүгүнкү күндө өлкө ичинде өз кулачын жайууда. Бир гана ADECS курулуш компаниясы-Кыргыз Республикасында Канадалык СИП (структурасы изоляцияланган панель) технологиясы менен курууга уруксат алган мамлекеттик сертификаты бар курулуш компания.
 

Жогоруда айтылгандай курулуштун бир топ өзгөчөлүктөрү бар. 
 

Жылуулукту сактоо сапаты: Жөнөкөй турак-жайларды жылытууда сарпталуучу энергиянын (электр тогу, көмүр, газ, отун ж.б) кубаттулугу менен салыштырмалуу СИП панель үйүнө 5 эсе аз керектелет. Андагы энергия үнөмдөөчү материалы-174мм калыңдыктагы панелдин жылуулук өткөрүмдүүлүгү 2,5 метр кирпич дубал тамга барабар.Өрткө туруштук берүүсү: ADECS – СИП панели менен курулган үйлөрдүн өрткө туруштук берүүсү 3-даражада турат. СИП панель дубалы түзмө-түз өрттүн күйүүсүнө бир саат туруштук берет, өзүн-өзү өчүрүү касиетине да ээ. Дубалдын ички бетин гипсакартон менен каптап салуу өрттүн пайда болбоосуна толук кепилдик берет.
 

Куруу мөөнөтү: Дагы бир өзгөчөлүгү – бул кыска мөөнөттө курулуп бүтүшү. СИП панель технологиясы менен турак-жайды жылдын бардык мезгилинде курууга мүмкүн. Дубалы бир калыпта түз, туш кагазын чаптоого кургак жана ыңгайлуу. 30-60 күндүн ичинде толугу менен бүтүрүлөт. Сип панели жеңил болгондуктан фундамент курууда акча каражаты үнөмдөлөт. Куруп бириктирүүдө техникасыз 3-4 жумушчу күчү менен салынат.
 Адекс курулуш компаниясы зарыл болгон учурда 200м2 үйдү 20 күндүн ичинде бүтүрүүгө жетишкен. 
Турак жайдын аянты кеңейтилет: дубалы ичке болгондуктан турак-жайдын ички аянты кеңейет. Адекс Сип панели менен 10х10 өлчөмүндөгү курулган турак-жайдын ички аянты 93,12м² түзсө, ал эми кирпич менен курулган үйдүн ички аянты 80,64м², пена бетондуку-82,81м². 
 

Бышыктыгы: Сип панелдерди бириктирип курууда жыгач бурс колдонулгандыктан СИП конструкциянын ичинде дубалга, чатырга, оор күчкө туруштук бере турган жыгач каркас тургузулат. СИП панели каркассыз өзүнүн жүк көтөрүү бекемдиги тикесинен 10 тоннага чейин. Туурасынан 2 тонна метр², ошол себептен чатырга тшкөн кар оордук болуп эсептелинбейт жана 7,5 баллга чейинки жер титирөөгө туруштук берет.
 Сапаттуу, ыңгайлуу, заманбап жана баасы да асман тиребеген үйдү БИЗ салып беребиз! 
 

Келиңиз, көрүнүз жана да баалаңыз, 
Андан соң үйдү БИЗ мен салаарсыз. 
Кайгырбай эч Канадалык үйдө,
 Жакындарыңыз менен бирге,Бактылуу ЖАШАҢЫЗ!